Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

ЖК комитети Казакстандын 100 млн долларынан баш тартууну колдоду


Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети кыргыз өкмөтүнө Казакстан убада кылган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартуу маселесин карап, аны колдоду.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Астана менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш өткөн аптада парламентке жөнөтүлгөн. Өкмөт мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүргөн.

Дүйшөмбү күнү маселени депутаттардын кароосуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев алып чыкты.

Бюджет жана каржы комитети өкмөттүн сунушун колдоп, аны жалпы жыйынга алып чыгууга макулдугун берди.

XS
SM
MD
LG