Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

"Коопсуз шаар, коопсуз чөйрө" сынагы аяктады


Мунара Бекназарова "Коопсуз шаар, коопсуз чөйрө" хакатондо биринчи орунду алган NeoBis командасы менен
Мунара Бекназарова "Коопсуз шаар, коопсуз чөйрө" хакатондо биринчи орунду алган NeoBis командасы менен

Бишкекте "Коопсуз шаар, коопсуз чөйрө" социалдык долбоорлор жыйыны (хакатон) өз ишин жыйынтыктады. Бир нече күн бою компьютердик программаларга адистешкен 17 команда жарандардын, айрыкча аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чөнтөк телефонго жүктөлүп алына турган IT тиркемелердин үстүнөн иштеп жатышты.

Жыйынтыгында алардын үчөө жеңүүчү деп табылып, каржылык колдоого ээ болушканын “Азаттык” радиосуна иш-чаранын уюштуруучусу, “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова айтып берди:

- IT кызматкерлерде кыздардын, аялдардын укуктарын коргоо жаатында маалымат аз болгондуктан биз алар үчүн менторлорду чакырып, көйгөйлөр тууралуу айтып бердик. Хакатон бүткөндө кандай жыйынтык чыгары өзүбүз үчүн да кызык болчу, андыктан 17 команданын баары өзүлөрүнүн ар кандай сунуштарын бере алганына кубандык. Алардын маанилүүсүнүн бири – “коопсуздук кнопкасы”. Ала качуу, кол салуу сыяктуу кооптуу абалга дуушар болгон адам чөнтөк телефонунун блоктон чыгаруу кнопкасын басканда тиешелүү адамдарга ал тууралуу сигнал, локациясына линк жөнөтүлөт. Дагы бир тиркеме – коопсуздук картасы. Ал картада Бишкектеги кооптуу аймактар көрсөтүлөт. Үчүнчү тиркеме – зомбулукка дуушар болгон адам кайсы мамлекеттик органдарга кайрылып, өзүн кандай алып жүрүшү керектиги, милиция, прокуратура, сот мекемелеринин кызматтык милдеттери тууралуу кенен маалымат берет.

Бекназарованын айтымында, бул тиркемелердин алгачкысы кийинки аптада, ал эми калган экөө эки ай аралыгында жүктөп алууга даяр болот.

Командалардын курамына IT багытта билим алып жаткан студенттер менен катар компаниялардын программист кызматкерлери кирди.

Иш-чара Борбор Азиядагы Америка университетинде өттү.

Укук коргоочулардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган фактылардын саны жылдан жылга өсүүдө. Маселен, 2011-жылы 794 болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG