Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Жапониядагы шайлоодо премьер Абэнин партиясы жеңишке жетишти


Премьер Синзо Абэ шайлоо күнү. 22-октябрь, 2017-жыл.
Премьер Синзо Абэ шайлоо күнү. 22-октябрь, 2017-жыл.

22-октябрдагы шайлоонун бейрасмий жыйынтыктары премьер-министр Синзо Абэнин башкаруучу коалициясы ири жеңишке жетишкенин көргөзүүдө.

Башкаруучу коалиция парламенттин төмөнкү палатасындагы 465 орундун 312син же үчтөн экиден көбүн алары күтүлүп жатат.

Шайлоонун соңку расмий эсептери бүгүн жарыяланмакчы.

Азыркы шайлоонун жыйынтыктары Синзо Абэнин келерки жылы Либералдык партиянын төрагалыгына дагы үч жылга шайлануу, ошондой эле премьер-министрликте 2021-жылга чейин калуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүдө.

Синзо Абэ премьерлик кызматка 2012-жылы келген, азыркы шайлоо мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүлдү.

Премьердин башкаруучу коалициясы парламенттин жогорку палатасында да орундардын үчтөн экисине ээлик кылат.

Шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында сүйлөгөн учурунда Абэ Түндүк Кореяга өзөктүк жана ракеталык программасын токтотуусу үчүн кысым көргөзүүдө “күчтүү дипломатияны” колдоно турганын, бул маселени келерки айда президент Дональд Трамп менен анын Жапонияга сапарында абдан терең талкуулай турганын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG