Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Тиллерсон: Иран колдогон кошуундар Ирактан кетиши керек


Сауд Аравия-Ирак координациялык кеңешинин жыйыны. Эр-Рияд, 22-октябрь, 2017-жыл.
Сауд Аравия-Ирак координациялык кеңешинин жыйыны. Эр-Рияд, 22-октябрь, 2017-жыл.

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул тууралуу Саудия борбору - Эр-Рияддагы пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, “Ирактагы чет элдик согушкерлер эми үйүнө кетип, көзөмөлдү ирак эли жүргүзүүсүнө мүмкүндүк бериши керек”.

АКШ мамлекеттик катчысы мындай турумун Иракта азыр “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш аяктап жатканы менен түшүндүрдү.

Иран колдогон кошуундар Ирак өкмөтүнүн “Ислам мамлекети” тобун өлкөдөн сүрүп чыгаруу боюнча АКШ колдогон аракеттерине чоң салым кошкон.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф АКШ мамлекеттик катчысынын сөздөрүн "Твиттер" баракчасы аркылуу сынга алды.

Рекс Тиллерсондун Перси булуңуна азыркы сапары президент Дональд Трамптын администрациясынын Иранды изоляциялоо жана анын Жакынкы Чыгыштагы, анын сыртындагы таасирин кыскартуу аракеттеринин алкагында болду.

АКШ мамлекеттик катчысы башка өлкөлөрдү, өзгөчө Европа мамлекеттерин Ирандын революциялык гвардиясы менен кандайдыр бир карым-катнаштарынын баарын токтотууга да чакырды.

Ирандын бул элиталык аскерий бөлүгүн АКШ ушул айдын башында терроризмди колдогондордун кара тизмесине киргизген жана ал өлкө экономикасында маанилүү роль ойнойт.

Эр-Риядда Тиллерсондун, падыша Салман менен премьер-министр Хайдар ал-Абадинин катышуусунда Сауд Аравия – Ирак координациялык комитетинин алгачкы жыйыны өттү.

1990-жылы Саддам Хусеин Кувейтке кол салгандан кийин ондогон жылдар бою араздашып жүргөн Сауд Аравия жана Ирак соңку кездери пикир келишпестиктерин жоюуга аракеттенүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG