Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Украинада казакстандык блогер кармалды


Жанар Ахмед.
Жанар Ахмед.

Жанар Ахмед Киевдин чет жакасынан казак бийликтеринин Интерполго берген тизмесине ылайык, 21-октябрда кармалган.

Украин борборунун полициясы билдиргендей, эми сот казакстандык блогердин камактагы мөөнөтүн узартуу же узартпоо маселесин 72 сааттын аралыгында чечиши керек.

Ошондой эле алдыда Украина бийликтери Казакстандын Жанар Ахмедди экстрадициялоо жөнүндөгү өтүнүчүн да карашмакчы.

Блогер тогуз жаштагы уулу менен Казакстандан быйыл март айында эле качууга аргасыз болгон.

Ал мекенинен кетүү чечимин коопсуздук жүйөсүнө, ошондой эле ага каршы Интернетте "өзүн-өзү өрттөөнү жактаган мыйзамсыз топ түзгөн" деген айып менен кылмыш иши козголуш мүмкүндүгүнө байланыштырган эле.

Жанар Ахмеддин үстүнөн Казакстанда буга чейин да ар кандай укук бузууларга барды деген жүйө менен соттук териштирүүлөр болгон.

Ал өзүнө тагылган айыптардын баарынын саясий жүйөсү бардыгын, социалдык медиада жазган сынчыл блогдорунан улам бийликтердин жазалоосуна кириптер болуп жатканын айтып келет.

Акыркы жылдары Украинага Казакстандын Жанар Ахмедден башка да кеминде төрт оппозициячыл жана укук коргоочу активисти качып барган. (UE)

XS
SM
MD
LG