Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Түркмөнстанда манаттын курсу көмүскө базарда кескин төмөндөп кетти


Ашхабад.
Ашхабад.

“Азаттыктын” Ашхабаддагы кабарчыларынын маалыматына караганда, бүгүн көмүскө базардагы соодада бир АКШ доллары тогуз манатка сатылууда. Буга чейинки бир нече ай бою бир доллар жети жарым манатка бааланып келген.

Ал эми Түркмөнстандын улуттук банкы 2015-жылдан бери кармап турган расмий курс үч жарым манат.

Эми улуттук акча - манаттын алмашуу курсунун көмүскө базарда мурдагыдан да нарксыздана баштоосу өлкө экономикасында кырдаал начарлаганын көрсөткүчү.

Дүйнөлүк базарда газ баасынын төмөндөөсүнөн, энергия келишимдердин ишке ашпаганынан улам Түркмөнстандын кирешеси азаюуда.

Мындан улам президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун өкмөтү быйыл 1-ноябрдан тарта коммуналдык кызматтар үчүн тарифтерди көтөрүп, газ, электр энергиясы, суу баасы үчүн жеңилдиктерди жойгону жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG