Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кутурма катталган айылда эпизоотикалык абал тынч


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кутурма катталган Отрадное айылында учурда эпизоотикалык абал тынч. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл облусундагы координатору Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында, 10-октябрда Отрадное айылынын үстүндөгү Тасма жайлоосунда Элдияр Дөңкөевдин уйу кутурмага шектелип, союлгандан кийин башы ветеринардык лабораторияга жөнөтүлгөн. 11-октябрда экспертизадан кийин бул диагноз тастыкталып, уйдун эти ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык көмүлгөн.

- Учурда эпизоотикалык абал тынч. Жаратылышта кутурманы карышкыр, түлкүлөр алып жүрөт. Бир учурда алар кутуруп, малга, адамдарга кол салат. Бул жерде, балким, түлкү ошол уйду тиштеп алган, - деди Шарапов.

Айылга чектөө киргизилип, уйду сойгон эки мал доктур, мал ээси, малчы жана 595 баш мал медициналык эмдөөдөн өткөрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG