Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Кыргызстанда VIP салондуу учак сатыкка коюлду

Сатыкка коюлган учактын ичи
Сатыкка коюлган учактын ичи

Кыргызстандык «Эйр Кей Жи» авиакомпаниясы ичинде VIP салону бар «Як-40» учагын сатыкка койду.

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашкандай, аукцион 27-ноябрда өтөт.

Учактын баштапкы баасы 7 миллион 653 миң сом деп бааланды. Кепилдик салымы минималдык сумманын 10% түзөт.

Сатыкка коюлган «Як-40» учагы 1975-жылы чыккан, ошондон бери беш жолу оңдоодон өткөрүлгөн. Учактын техникалык абалы канааттандырарлык экени айтылды.

XS
SM
MD
LG