Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

"Авангард стиль": Курулуштагы кырсыктан жабыркаган эки адам ооруканада


Окуя болгон жер
Окуя болгон жер

Бишкекте курулуш объектисинде болгон кырсыктын себептери иликтене баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Авангард стиль” курулуш компаниясынан кабарлашты.

Компаниянын өкүлү Наргиза Нарынбаеванын айтымында, эки жумушчу ооруканага жаткырылды, алардын өмүрүнө коркунуч жок.

- Бүгүнкү кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Эки кабат имараттын чатырынын конструкциясы урап калды. Жанында курулуп жаткан көп кабат үйгө анын тиешеси жок. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Окуя бүгүн түштөн кийин болду. Объект Бишкектин түштүк четинде Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнүн боюнда курулуп жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG