Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

“Эхо Москвы” радиосунун журналистине кол салуу иликтенүүдө


Татьяна Фельгенгауэр.
Татьяна Фельгенгауэр.

Радионун башкы редактору Алексей Венедиктов окуяны “бандиттик куралдуу кол салуу” деп атады. Орусиянын Журналисттер союзу болсо кол салууну “сөз эркиндигине чабуул” катары баалады.

“Эхо Москвы” радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэрди бүгүн редакцияга кирип келген белгисиз адам бычак менен моюнга сайган.

Дарыгерлер ооруканага жеткирилген журналисттин абалы стабилдүү оор экенин, өмүрүнө коркунуч жоктугун билдиришүүдө.

Кол салган адамдын өзү да кармалып, сурак берүүдө. Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Мамлекеттик “Газпром” компаниясы ээлик кылган “Эхо Москвы” радиосу Орусиядагы саналуу көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири.

Журналисттердин куугунтукка же кол салууга кабылышы Орусияда такай болуп турат. Быйыл сентябрда Москвадагы кол салуудан жана коркутуулардан кийин “Эхо Москвы” радиосунун журналисти Юлия Латунина Орусиядан кетүүгө аргасыз болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG