Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Ирактын өкмөтү АКШ мамкатчысынын үндөөсүн четке какты


Сауд Аравия-Ирак координациялык кеңешинин жыйыны. Эр-Рияд, 22-октябрь, 2017-жыл.
Сауд Аравия-Ирак координациялык кеңешинин жыйыны. Эр-Рияд, 22-октябрь, 2017-жыл.

Премьер-министр Хайдар ал-Абадинин кеңсеси тараткан билдирүүдө Ирактын ишине кийлигишүүгө эч бир тараптын укугу жоктугу айтылат. Муну менен Ирактын шииттер башкарган өкмөтү АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Иран колдогон кошуундар Ирактан кетиши керек деген чакырыгын четке какты.

Рекс Тиллерсон бул тууралуу Саудия борборундагы маалымат жыйынында айткан:

- “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш аяктап бараткандыктан азыр Иракта жүргөн ирандык кошуундар сөзсүз үйлөрүнө кайтышы керек. Ирактагы чет элдик согушкерлердин кимиси болбосун үйлөрүнө кайтып, Ирак элине бошотулган аймактарды өздөрү көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүк бериши керек.

Иран колдогон кошуундар Ирак өкмөтүнүн “Ислам мамлекети” тобун өлкөдөн сүрүп чыгаруу боюнча АКШ колдогон аракеттерине чоң салым кошкон.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф АКШ мамлекеттик катчысынын сөздөрүн Твиттер баракчасы аркылуу сынга алды.

АКШ мамлекеттик катчысы башка өлкөлөрдү, өзгөчө Европа мамлекеттерин Ирандын революциялык гвардиясы менен кандайдыр бир карым-катнаштарын токтотууга да чакырды. Ирандын бул элиталык аскерий бөлүгүн АКШ ушул айдын башында терроризмди колдогондордун кара тизмесине киргизген жана ал өлкө экономикасында маанилүү роль ойнойт.

Эр-Риядда Тиллерсондун, падыша Салман менен премьер-министр Хайдар ал-Абадинин катышуусунда Сауд Аравия – Ирак координациялык комитетинин алгачкы жыйыны өттү.

1990-жылы Саддам Хусейин Кувейтке кол салгандан кийин ондогон жылдар бою араздашып жүргөн Сауд Аравия жана Ирак соңку кездери пикир келишпестиктерин жоюуга аракеттенүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG