Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Рекс Тиллерсон күтүүсүз сапар менен Иракка барды


Тиллерсон жана Абади Ирак- Сауд Аравия координациялык кеңешинин жыйынында. Эр-Рияд, 22-октябрь, 2017-жыл.
Тиллерсон жана Абади Ирак- Сауд Аравия координациялык кеңешинин жыйынында. Эр-Рияд, 22-октябрь, 2017-жыл.

АКШ мамкатчысы Иракка дүйшөмбү күнү кечинде келди. Багдадга келер алдында ал күн мурунтан жарыяланбаган кыска сапар менен Ооганстанда да болгон эле.

Иран маселеси, жергиликтүү күрттөрдүн көз карандысыздык кыймылы, “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотулган шаарлардагы кайра куруу иштери - АКШ жана Ирак бийликтеринин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде турган маселелер.

АКШ администрациясы учурда Ирандын Жакынкы Чыгыштагы ишмердигине каршы араб альянсын куроого да умтулууда.

Тиллерсон Багдадга барардын жуп алдында премьер-министр Хайдар ал-Абадинин кеңсеси тараткан билдирүүдө Ирактын ишине кийлигишүүгө эч бир тараптын укугу жоктугу айтылган. Муну менен Ирактын шииттер башкарган өкмөтү АКШ мамлекеттик катчысынын Иран колдогон кошуундар Ирактан кетиши керек деген чакырыгын четке какты.

Рекс Тиллерсон бул тууралуу 22-октябрда Саудия борборундагы маалымат жыйынында айткан:

- “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш аяктап бараткандыктан азыр Иракта жүргөн ирандык кошуундар сөзсүз үйлөрүнө кайтышы керек. Ирактагы чет элдик согушкерлердин кимиси болбосун үйлөрүнө кайтып, Ирак элине бошотулган аймактарды өздөрү көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүк бериши керек.

Иран колдогон кошуундар Ирак өкмөтүнүн “Ислам мамлекети” тобун өлкөдөн сүрүп чыгаруу боюнча АКШ колдогон аракеттерине чоң салым кошкон.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф АКШ мамлекеттик катчысынын сөздөрүн Твиттер баракчасы аркылуу сынга алды.

Эр-Риядда Тиллерсондун, падыша Салман менен премьер-министр Хайдар ал-Абадинин катышуусунда Сауд Аравия – Ирак координациялык комитетинин алгачкы жыйыны өткөн.

1990-жылы Саддам Хусейин Кувейтке кол салгандан кийин ондогон жылдар бою араздашып жүргөн Сауд Аравия жана Ирак соңку кездери пикир келишпестиктерин жоюуга аракеттенүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG