Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Парламент кыйноо жана адам укуктары боюнча маалымат угат


Бишкектеги жаңы конуш
Бишкектеги жаңы конуш

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүн кыйноолор жана адам укуктарынын сакталышы боюнча маалымат угат.

Депутаттарга Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов жана акыйкатчы Кубат Оторбаев 2016-жылдагы ишмердүүлүк тууралуу маалымат беришет.

Оторбаев Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын абалы, андагы жашоочулардын турак жай, социалдык, экономикалык жана маданий укуктары жөнүндө баяндама жасайт.

Ошондой эле аскерлердин, армияга чакырылгандардын укуктары, балдарга карата зомбулук, сот адилеттиги, этникалык кыргыздардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы, республикалык психиатриялык ооруканада жаткандардын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укуктары, аялдардын репродуктивдүү саламаттыгы тууралуу маалымат берилип, аялдардын жана балдардын эмгекке тартылышы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жарыяланат. (NT)

XS
SM
MD
LG