Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Маркум журналист негиздеген "Сиёсат" гезитинин юбилейлик саны чыкты


"Сиёсат" гезитинин жаңы саны
"Сиёсат" гезитинин жаңы саны

Маркум журналист Алишер Саипов негиздеген "Сиёсат" (Саясат) гезитинин юбилейлик саны жарык көрдү. "Сиёсат гезити 10 жашта" деген баш тема менен чыккан гезит бүгүн, 24-октябрда журналисттин үйүндөгү эскерүү кечесинде кесиптештерине таратылды. Анда Алишердин өмүр жолу, ишмердиги тууралуу маалыматтар жана эскерүүлөр басылган. Гезитти маркумдун бир туугандары чыгарышты.

Алишердин иниси Шахрух Саипов жакын арада жаш журналисттерге "Алишер Саипов атындагы сыйлык" берүүнү көздөп жатканын, анын жобосу иштелип чыгарын билдирди.

Бүгүн Ош шаарында он жыл мурда атып өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун үй-музейи да ачылды. Саиповдун жеке буюмдары, кийим-кечеси жана сүрөттөрү өзү өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгаштырылып, музейге айланды.

26 жаштагы журналистти 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз бирөөлөр Ошто атып кетишкен. Кылмыштын бети азыркыга чейин ачыла элек.

Алишер Саипов Voice of Ameriсa, RFE/RL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.

25 жашында өзбек тилинде "Сиёсат" гезитин негиздеп, ал жума сайын чыгып турган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган. Журналисттин өлүмүнөн соң басылманын иши токтоп калган.

Маркумдун артында калган кызы быйыл он жашка толду. (SE)

XS
SM
MD
LG