Нарындын Ат-Башы районунда алты жаштагы кызды зордуктоо аракети болгону тууралуу маалымат иликтенип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 19-октябрда райондук милицияга ушундай арыз түшкөн. Анда 58 жаштагы киши Ак-Кайыңды айылындагы топ ойноочу аянтта кызды зордуктаганга аракет кылганы жазылган.
Сурак учурунда шектүү арызда жазылгандарды куру доомат деп, топ ойноочу жерде кыз жыгылып түшкөнүн, ошол маалда кийими чечилип кетип, кийгенге жардам бергенин айткан.
Окуя райондук милициянын кылмыш каттоо китебине катталып, териштирилип жатат. (MiK)