Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Чолпон-Атада үч эм төрөгөн энеге 300 миң сом сүйүнчү берилди


Чолпон-Ата шаарында үч эм төрөгөн Канышай Таалай кызы 23-октябрда балдары менен үйүнө чыгарылды. Ымыркайларга Адил, Адел жана Алия деген ысымдарды ыйгарышты.

Балдар Чолпон-Атадагы оорукананын төрөт бөлүмүндө 4-октябрда жарыкка келишкен. Кийинчерээк Караколдогу төрөтканага которулган болчу. Үч эмге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев 300 миң сом берди.

Айына жетпей төрөлгөн ымыркайлар (эки кыз 1,9 кг, уулу 1,6 кг) 22 жаштагы Канышайдын биринчи төрөтү. Канышай 25 жаштагы жолдошу Искен Койгелдиев менен Чолпон-Атада турушат. (AsM)

XS
SM
MD
LG