25-октябрда түнкүсүн ала булут каптап, кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө, Ысык-Көлдө жана Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 10...15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...5;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2 …4°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14°.