Кошмо Штаттар Мьянманын Ракхайн штатындагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу бул өлкөгө же андагы кайсы бир аткаминерлерге карата санкция салууну караштырууда.
"Биз АКШ мыйзамдары мүмкүндүк берген жоопко тартуу механизмдерин караштырып жатабыз. Анын ичинде "Глобалдык Магнитский мыйзамынын" максаттуу санкцияларын дагы бар" деди 23-октябрда Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Науэр.
"Магнитский мыйзамы" Вашингтон адам укугунун бузулушуна катышы бар деп эсептеген аткаминердин жеке өзүнө чара көрүүгө жол берет.
Мамдепартамент өкүлү буга чейинки чаралары катары Мьянмадагы мурдагы жана азыркы аскер жетекчилеринин АКШга кирүүсүнө тыюу салынып, Ракхайндагы өкмөттүк аскерлерге жардам берүүнү токтотушканын белгиледи.
Ошондой эле Науэр Ракхайндагы рохинжа мусулмандарынын башынан өткөн катаал кайгы, зулумдуктарга байланыштуу Кошмо Штаттары терең тынчсызданып турганын билдирди.
Өлкөдө 25-августта рохинжалардын арасынан чыккан согушкерлер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышуусунан кеминде 400 киши, арасында карапайым адамдар да өлгөн. Андан кийин 400 миңден ашуун рохинжа мусулмандары коңшу Бангладешке өтө качышты. Качкандар агымы дале басыла элек. БУУ кагылыштан кийинки бийликтин аракеттерин этникалык тазалоо деп атаган.