Алматы аба майданы аркылуу 29 ителгини алып чыгып кетүүгө аракеттенген Катардын эки жараны кармалды. Бул тууралуу 24-октябрда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
Шектүүлөр ителгилерди жашиктерге салып алып баратышкан. Коргоого алынган алгыр канаттуунун бул түрү Чыгыш Европадан тарта Борбор Азия чөлкөмүн, Кытайдын батышын байырлайт. Перс булуңундагы өлкөлөрдө аңчылыкка кеңири колдонулат.
Ителги көмүскө базарда 10-15 миң долларга чейин бааланат.
Эл аралык жаратылышты коргоо биримдиги канаттуунун бул түрүн "жоголуп кетүү коркунучунда канаттуулар" тизмесине киргизген. Борбор Азияда абалы өзгөчө оор деп белгиленет.