Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Бишкектеги атактуу "Нарын" ресторанынын имараты бузула баштады


Бишкекте тарыхый эстелик катары айтылып келген белгилүү "Нарын" ресторанынын имараты бузула баштады. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Анын ордуна "Хуалинь" деп аталган 20 кабат мейманкана курулары мурда кабарланган.

Учурда имарат жайгашкан жердин аянтына De He Co LTD жана "Нарын" ишканалары ээлик кылат.

Мэрия 2016-жылдын 25-октябрында аталган имарат архитектуралык эстелик катары макамын жоготкондугу боюнча токтом чыгарган.

Фрунзе жана Шопоков көчөлөрү кесилишкен жердеги "Нарын" 1980-жылдары белгилүү ресторандардын бири болгон. Он жылга жакын убакыттан бери кароосуз турат.

Буга чейин Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери ал жерди музейге айлантууну сунушташкан.

Имаратты бузбай, Совет доорунун маданий мурасы катары оңдоп, сактоо маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары да көтөрүшкөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG