Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

ЖК комитети Султановду Түштүк Кореяга элчиликке дайындоону жактырды


Кылычбек Султанов
Кылычбек Султанов

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине көрсөтүлгөн Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Султанов тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат берди.

Кылычбек Султанов 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. Ал бийликтин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыгып, кызматтан бошотуу өтүнүчү менен президенттин атына арыз жазганын айткан.

Кийинчерээк Фейсбукка билдирүү жазып, мамлекет башчыдан кечирим сураган. Ал президенттин каалоосу менен Малайзияда эки жылдай элчи болгонун, ал жакта иштеп жүрүп мекенине пайда келтире алганына ыраазы экенин белгилеген.

2016-жылдын 5-декабрында Кылычбек Султанов өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган. (SE)

XS
SM
MD
LG