Ушу тапта Бишкекте «Кыргызстандагы шайлоолор: жыйынтыгы жана алдыга божомолдор» деген аталыштагы талкуу өтүп жатат.
Ага соңку президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан Адахан Мадумаров, Токтайым Үмөталиева жана ошондой эле белгилүү саясатчылар Медеткан Шеримкулов, Бегалы Наргозуев, жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Замира Сыдыкова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана башкалар катышууда.
Мадумаров шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин айтып, бийликти сындаган талапкерлер жана саясатчылар эртеси күнү "үн катпай отуруп калганын" айыптады жана “улуттук масштабдагы партия” түзүү керектигин айтты.
Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимова “мындай ыплас шайлоону көрбөгөнүн” айтып “кара пиар дарыядай агылганын” белгиледи.
"Жарандык платформа" коомдук уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова мониторинг жүргүзүлгөн ар бир участок боюнча так маалыматы бар экенин, бирок бул шайлоону таза деп атоо мүмкүн эместигин билдирди. Ал жарандардын добуш берүүсү туура уюштурулганын, бирок шайлоочулардын добушун ким көзөмөлдөгөнү, ким аларды мажбурлаганы суроо жаратып жатканын кошумчалады.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Боршайком шайлоо тынч өткөнүн жарыялады. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышкан.
11 талапкер ат салышкан саясий жарышта КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,7 пайыз добуш алып, жеңип чыккан.
КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо дээрлик таза өттү деген баасын берди. Байкоочулар Кыргызстандагы шайлоодо жылыш болгонун, КМШ өлкөлөрүндө жок шайлоо технологиялары ишке киргенин өзгөчө баалашты.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму "Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоо бийликти тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү жана бул жагынан өлкө башкаларга үлгү боло алат" деп билдирди. (RK)