Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Адахан Мадумаров: Өзүбүздүн көчтү тандап ала турган күч түзүшүбүз керек


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, соңку президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан Адахан Мадумаров азыркы бийликке каршы жаңы партия түзүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн «Кыргызстандагы шайлоолор: жыйынтыгы жана алдыга божомолдор» деген аталыштагы талкууда сүйлөп жатып айтты:

- Улуттук масштабдагы бир саясий партиянын түзүлүшүнө баш отум менен киришем. Муну биз түзүшүбүз керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы, болуш керек. Баягыдай аймактык, шаардык, кокту-колоттук, облустук партиялардын баары түп тамыры менен жоюлушу керек. Эки гана күч калат. Бүгүнкү көчтү улай турган күч. Ал көчтүн башында, билесиңер, Жээнбеков отурат, 1-декабрда төө калат, төө үстүндөгү киши алмашат, кете берет ошо бойдон. А биз ошол көчкө карама-каршылык көрсөтө турган, кыргыздын башка да көчү, баалуулуктары бар дегендей, өзүбүздүн көчтү тандап ала тургандай бир күчтү түзүшүбүз керек.

Бугүнкү талкууга ошондой эле президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан Токтайым Үмөталиева, белгилүү саясатчылар Медеткан Шеримкулов, Бегалы Наргозуев, жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Замира Сыдыкова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана башкалар катышты.

Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимова “мындай ыплас шайлоону көрбөгөнүн” айтып “кара пиар дарыядай агылганын” белгиледи.

"Жарандык платформа" коомдук уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова мониторинг жүргүзүлгөн ар бир участок боюнча так маалыматы бар экенин, бирок бул шайлоону таза деп атоо мүмкүн эместигин билдирди.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Боршайком шайлоо тынч өткөнүн жарыялады. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышкан.

11 талапкер ат салышкан саясий жарышта КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,74 пайыз добуш алып, жеңип чыккан. Ал Мадумаровдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча комментарий жасай элек.

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 33,7% добуш менен экинчи, ал эми Мадумаров 5% ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо дээрлик таза өттү деген баасын берди. Байкоочулар Кыргызстандагы шайлоодо жылыш болгонун, КМШ өлкөлөрүндө жок шайлоо технологиялары ишке киргенин өзгөчө баалашты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму "Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоо бийликти тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү жана бул жагынан өлкө башкаларга үлгү боло алат" деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG