Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Тиллерсон: АКШ-Пакистан мамилеси Исламабаддан көз каранды


Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон "Талибан" экстремисттик кыймылына каршы чараларды күчөтүү талаптарын бекемдөө үчүн Пакистанга баратат. Ал 23-октябрда эки өлкө мамилеси Пакистандан көз каранды экенин белгиледи.

- Пакистан аймагында башпаана таап жаткан террордук уюмдардын санына байланыштуу жагдайга сергек карашы керек деп ойлойм. Биз стабилдүү жана коопсуз Пакистанды куруу үчүн бул өлкө менен тыгыз кызматташууну каалайбыз, - деди Тиллерсон.

АКШ менен Ооганстан "Талибан", өзгөчө анын кооптуу "Хаккани" бутагы Пакистандан башпаана табууда деп билдирип келет. Исламабад "Талибанга" кандайдыр таасири бар экенин мойнуна алган, бирок анын лидерлерин көзөмөлдөбөй турганын, алар баш калкалаган чек арадагы аймактар тазаланганын айтат.

XS
SM
MD
LG