Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Эркин Алымбековду эскерүү митинги өттү


Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Алымбековду эскерүү митинги өттү.

Маркумдун дүйнөдөн өткөнүнө быйыл бир жыл болгонуна байланыштуу анын жакын санаалаштары, үй-бүлөсү, саясатта чогуу жүргөн пикирлештери чогулуп эскеришти.

Ошондой эле бүгүн анын мүрзөсүнө эстелик орнотулду. Үй-бүлөсүнүн жеке каражатына тургузулган эстелик ак жана кара таштан жасалды.

Эки жолу Жогорку Кеңеш депутаты болгон Алымбеков 2016-жылы 29-августта 55 жаш курагында күтүүсүздөн жүрөгү кармап каза болгон. Ал 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. (RK)

XS
SM
MD
LG