Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Собчак: Крым Украинанын аймагы


Ксения Собчак
Ксения Собчак

Эл аралык укукка ылайык Крым Украинанын аймагы экенин Орусияда президенттикке талапкерлигин коймокчу болуп жаткан Ксения Собчак маалымат жыйынында билдирди.

Ал 2014-жылы жарым аралды күчтөп өзүнө каратып алуу менен Орусия Будапешт меморандумун бузганын белгилейт.

Журналист Собчак шайлоо кампаниясынын алкагында Крымдын статусу боюнча сүйлөшүүгө макул экенин кошумчалады.

Ошондой эле Украина бирден бир маанилүү өнөктөш, бул өлкө менен достукту кайра калыбына келтирүү керек деп эсептейт. Удаа эле орус абактарындагы украиналык саясий туткундардын маселесин чечүүгө чакырды.

Ксения Собчак 2018-жылкы президенттик шайлоого барарын өткөн аптада жарыялаган.

XS
SM
MD
LG