Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Аббаси: Терроризмге каршы күрөштө натыйжаларга жетиштик


АКШ жана Пакистан расмийлеринин 24-октябрдагы жолугушуусу.
АКШ жана Пакистан расмийлеринин 24-октябрдагы жолугушуусу.

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 24-октябрда Исламабадга барды. Ал Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен жолугушуусунда бул өлкөнүн "аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоодогу мааниси зор" экенин белгиледи.

Ал эми Аббаси "террорго каршы күрөштү жактай" тургандыктарын билдирди.

- Биз натыйжаларга жетиштик. Эми АКШ менен биргеликте алдыга жылууну жана бекем мамиле түзүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз, - деди Пакистан премьери.

Бир күн мурда Тиллерсон эки өлкө мамилеси Пакистандын өзүнөн көз каранды экенин айткан.

АКШ менен Ооганстан "Талибан", өзгөчө анын кооптуу "Хаккани" бутагына башпаана берүүдө деп Пакистанды айыптап келет. Бирок Исламабад "Талибан" лидерлерин көзөмөлдөбөй турганын, алар баш калкалаган чек арадагы аймактар тазаланганын айтууда.

XS
SM
MD
LG