Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Украина Саакашвилиге качкын макамын берген жок


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Украина Михаил Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко билдирип, эми саясатчыны тарыхый мекенине экстрадициялоого бөгөт жок экенин белгиледи.

Башкы прокурор андан тышкары Саакашвилинин 20 чакты тарапташын, негизинен грузин улутундагы адамдарды өлкөдөн күчтөп чыгарышарын кошумчалады. Луценко алар Украинада мыйзамсыз жүрүшкөн жана мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданышкан деп билдирүүдө.

Грузиянын мурдагы президенти, Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвили баштаган адамдар украин бийлигинен саясий реформаларды талап кылып 17-октябрдан бери парламенттин алдында митинг өткөрүүдө. 200 чамалуу адам чатыр тигишип, ал жерде түнөп да калышууда.

24-октябрда Юрий Луценко алар "четтен каржы алып", "курал сатып алып жатышкан" деген эле.

Тбилиси мурдараак Саакашвилини экстрадициялоону өтүнүп Киевге кайрылган. Грузияга өткөрүлүп берилсе Саакашвили сот жообуна тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG