Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Орусия химиялык чабуулду иликтөө сунушуна вето койду


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирияда химиялык чабуул колдонууну иликтөө боюнча резолюцияга вето койду. Кытай добуш берүүдөн карманды.

Сириядагы химиялык курал чабуулуна ким жоопкер экенин иликтөөнү улантуу сунушун Коопсуздук кеңештин он бир мүчөсү колдоду. Буга чейин Москва АКШ даярдаган документти кароону 7-ноябрга жылдырууну сунуштаган, бирок ал четке кагылган. 26-октябрда эл аралык эксперттер Сириядагы химиялык чабуул боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашат.

БУУ жана Химиялык куралга тыюу салуу уюму 2015-жылы түзгөн иликтөө тобунун мандаты 17-ноябрда аяктайт. Быйыл апрель айында Сириянын Хан-Шейхун шаарында химиялык газ колдонулганы үчүн АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн айыптаган. Вашингтон буга жооп чара катары Сириянын Шайраттагы аба базасына ракета менен сокку урган. Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү жана аны колдоп келе жаткан Орусия химиялык чабуул үчүн козголоңчул топторду күнөөлөшкөн.

Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдан токсондой кишинин өмүрү кыйылган. Эксперттердин эсеби боюнча Сирияда химиялык курал 6 жыл аралыгында 30 жолу колдонулган.

XS
SM
MD
LG