Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Тажикстан Иранды саясий жана диний оюндарды токтотууга чакырды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын президенти Хасан Роухани.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын президенти Хасан Роухани.

Тажик президентинин алдындагы Ислам таануу борбору Иранды өлкөдө туруксуздук кылууга аракеттенип жатат деп айыптап чыкты.

21-октябрда мекеменин сайтында жарыяланган «Шиизм: идеология жана тажрыйба» аттуу материалда Тегеранды Дүйшөмбүгө карата саясий жана диний оюндардан баш тартууга чакырган. Анда Иран тажик коомун исламдаштыруу, шиизм идеяларын жайылтуу аракеттерин жүргүзүп жатканы, бул кадам эки өлкө ортосундагы мамилени туңгуюкка кептегени айтылган.

Материалда стратегиялык өнөктөштүктү калыбына келтирүүдө Иран менен Тажикстан саясий жана диний оюндарга муктаж эмес деп жазылган. Ошондой эле Тажикстандагы жарандык согуш маалында Ирандын кайсы бир топторго каржылык колдоо көрсөткөнү эске салынган.

Тажик бийлиги 150 миң адамдын өмүрүн алган согуш үчүн Ирандан экономикалык жана моралдык зыян өндүрүү талабы менен БУУга кайрылууга укуктуу экенин ишара кылган.

Мындан тышкары Иран өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" аркылуу шиизм идеяларын жайылтууга аракет жасап жатат деп сынга алынган. Ирандын Тажикстандагы элчилиги Ислам таануу борборунун макаласы боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG