Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Жоокерди сабады деген УКМК офицери эки миллион сомдук айыпка жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, атайын кызматтын капитанынын иши боюнча Бишкек гарнизондук Аскер сотунун былтыркы жылдагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Муну менен айыпталуучу тараптын доо арызы канааттандырылган жок. Токтом акыркы жана даттанууга жатпайт.

Ишти былтыр 17-июнда Аскер соту карап, жоокерди сабады деген офицерди Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу, зомбулук колдонуу) күнөөлүү деп тапкан, мамлекеттин пайдасына эки миллион сом төлөөнү милдеттендирген. Капитан бир жылга чейинки мөөнөткө өздүк курам менен иштөө укугунан ажыратылган.

УКМКнын №64479 аскер бөлүгүнүн рота командири, капитан Нурлан Аралбаев 2016-жылдын январында кызмат өтөп жаткан жоокер Мамарасул Абытбек уулун токмоктоду деп айыпталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG