Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Чыныбай Турсунбеков: Төрагалыктан кеттим, бирок саясаттан кеткен жокмун


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал ушу тапта өтүп жаткан парламенттин жалпы жыйынында жарыялады:

- 2011-жылы Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жол менен президент болушунан башталган. Быйыл ошол жол бекемделип, президент кийинки эл шайлаган өкүлгө кызматын өткөрүп берип жатат. Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү башка бийлик бутактарында да болушу керек. Бир жарым жыл ичинде мен сиздердин ишенимди толугу менен актоого аракет кылдым. Позиция же оппозиция деп эч кимиңиздерди бөлгөн жокмун. Президенттик шайлоо башталар алдында башталган Кыргызстандагы жалпы саясий температуранын көтөрүлүшү мына бүгүн түшүп келе жатат. Анткен себеби эл өзүнүн жаңы президентин шайлап алды. Бирок ал температура толугу менен түшүшү үчүн мен дагы отставкага кетишим туура болот деген чечимге келдим. Эң башкысы, менин саясий коньюктурадан эмес, мыйзамды сыйлоодон келип чыккан позициямды жактырбаса да колдоого алып келген бардык күчтөргө, президентке, депутаттар, сиздерге, аппаратка, өкмөткө, өзгөчө демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан журналисттерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Мен төрагалыктан кетип жатам, бирок саясаттан кеткен жокмун.

57 жаштагы Чыныбай Турсунбеков саясатка келгенче өлкөдөгү ири ишкерлердин бири болчу. Ал 2010-жылы Социал-демократиялык партиянын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланып, фракцияны жетектеген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо да социал-демократтардын тизмесин жетектеп барып, былтыркы жазга чейин кайрадан фракция лидери болгон.

2016-жылы ал кездеги спикер Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке бекигенине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткенде Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG