Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Казакстандын 100 млн долларынан баш тартуу мыйзамы добуш берүүгө жөнөтүлдү


Парламент Казакстандын 100 млн долларынан баш тарткан мыйзамды добуш берүүгө жөнөттү. Маселе боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Казакстан узак жылдан бери 100 млн доллар жардамды берүүнү убада кылып, бирок иш жүзүндө созуп келгенин билдирди:

- Он жыл мурун инвестициялык долбоорлорду ишке ашырыш үчүн Казакстан 100 млн доллар жардам иретинде берүүгө макул болгон кыргыз-казак макулдашуусуна кол коюлган. 2014-жылы ЕАЭБдин алкагында бажы инфраструктурасына жана техникалык регламенттерди ишке ашырууга 100 млн доллар каралган, бирок ал дагы ишке ашкан эмес. 2016-жылы Санкт-Петербургда өкмөт аралык келишимге кол коюлуп, аны аткаруу кечеңдеп кеткен.

Зилалиев Казакстандан келет деп күтүлгөн каражат өлкөдөгү ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды куруу үчүн жумшалмактыгын, эми бул каражаттар ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрдөн табыларын билдирди. Депутаттар мыйзам долбоорун талкуусуз добуш берүүгө токтолушту. Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоору эртең башка мыйзамдар менен бирге депутаттардын добуш берүүсүнө коюлат.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстанга өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат деп сындаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG