Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүктөгү жалпы депутаттарга кайрылып спикерликке көрсөтүлгөн Дастан Жумабековдун талапкерлигин колдоп берүүгө чакырды.
- Спикерлик орун аябай жоопкерчиликтүү жогорку деңгээлдеги кызмат. Дастан Артисбекович, сиз жалпы депутаттардын үмүтүн актап, өзүңүзгө артылган жүктү ийгиликтүү көтөрөсүз деген ишеним бар. Урматтуу коалициядагы депутаттар, жалпы жыйында Жумабековдун талапкерлигин чогуу колдоп берели.
Буга чейин парламенттеги төраганын ордуна Дастан Жумабековдон башка Иса Өмүркулов жана Аскар Шадиевдин талапкерилиги көрсөтүлөрү туурасында сөздөр болгон.
Бирок коалициялык көпчүлүктүн жыйынында жалгыз Дастан Жумабековдун талапкерлиги көрсөтүлүп, колдоого алынды.
Бүгүн саат 14:00гө чейин Жумабековдун талапкерлиги парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралып, андан соң пленардык жыйында жалпы депутаттардын кароосуна чыгат.
Парламент жаңы спикерди бүгүн шайлоосу күтүлүүдө.
Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган. 2001-жылы Кыргыз Улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган, ал эми 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын катарында VI чакырылыштагы депутат болуп шайланган.
Дастан Жумабеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси, атактуу травматолог Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси. (SDz)