Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

"Өнүгүү-Прогресс" спикерликке Масалиевди сунуштады


Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы парламент төрагасынын кызматына депутат Исхак Масалиевдин талапкерлигин сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн фракция лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясы депутат Дастан Жумабековду көрсөтүүдө.

Жумабековдун талапкерлигин буга чейин башкаруучу коалиция колдогон.

Парламентти 1,5 жыл башкарган Чыныбай Турсунбеков отставкага кеткенин бүгүн жарыялады. Бул чечимин ал "2011-жылы Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жол менен президент болушунан башталган. Быйыл ошол жол бекемделип, президент кийинки эл шайлаган өкүлгө кызматын өткөрүп берип жатат. Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү башка бийлик бутактарында да болушу керек" деп негиздеди. (RK)

XS
SM
MD
LG