Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Ооганстанда талиптер тогуз аскерди атып кетишти


Ооган жоокерлери
Ооган жоокерлери

Ооганстандын Фарах чөлкөмүндө согушкерлер коопсуздук пунктунда тогуз аскерди атып кетишти. Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Насер Мехри жоочулар шейшембинин кечинде чабуул коюшканын, үч саатка созулган аткылашууда дагы төрт жоокер жарадар болгонун жана кол салган 17 киши жок кылынганын билдирди. Аскерлерге жардамга учактар жөнөтүлгөн.

Бул кыянатчылык үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы алды.

Ал эми чыгыштагы Герат провинциясында ооган армиясы сокку урганда бир нече талип согушкери набыт болгон. Алар Чест Шариф деген жерде жыйынга чогулушкан. Бул тууралуу маалымдаган Герат бийлигинин өкүлү окуянын чоо-жайын айткан жок.

"Талибан" ал сокку боюнча комментарий жасай элек.

XS
SM
MD
LG