Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кыргыз-казак чек арасында 600дөй автоунаа кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын болууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” жана “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбарда” кезек күткөндөр жок. Саат 16:00гө карата “Ак-Жол” бекетинин аймагында жалпысынан 130 адам жана 21 транспорт каражаты турду.

“Ак-Тилек” бекетинен өткөндөн кийин 500 автомашина топтолуп турат. “Чоң-Капкада” 100гө жакын. Калган бекеттерде адамдардын да, автомашиналардын да тыгын жок” деп кабарлады Чек ара кызматы.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.

Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. Кечээтен бери Ереванда ЕАЭБ алкагында да кыргыз-казак чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG