Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Крым татарларынын эки лидери Орусиядагы абактан бошотулду


Крым татарларынын лидерлери Ильми Умеров жана Ахтем Чийгөз абактан бошотулуп, Түркияга кетишти. Орусия соту тарабынан эркинен ажыратылып, аннексияланган Крымда кармалып келген Умеров менен Чийгөз 25-октябрда коё берилгенин Украинанын маалымат министринин орун басары Эмине Жапар "Азаттык" радиосуна билдирди.

Крым татарларынын көп жылдардан берки ардагер лидери, украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилев алардын Түркияга учуп кеткенин бышыктады.

"Барымтадагы дагы эки киши – эки саясий туткун боштондукка чыкты", - деп жазды Фейсбукка адвокат Николай Полозов.

Чийгөз мыйзамсыз демонстрация уюштургандыгы үчүн 11-сентябрда 8 жылга кесилген. Умеров 27-сентябрда сепаратизмге айыпталып эки жылга колонияга өкүм кылынган.

Укук коргоочу уюмдар жана Батыш өкмөттөрү бул процесстерди айыптап, Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери жүргүзүп келаткан куугунтуктоо кампаниясынын бир бөлүгү деп аташкан.

Украинанын жарым аралын басып алгандан кийин орус бийликтери крым татарларынын Межлисин экстремисттик уюм деп таап, ишине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG