Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:59

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын катарынан үч депутат чыгарылды


"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаттары.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бүгүнкү жыйынында үч депутатты өзүнүн катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Алар - депутаттар Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов. Бул маалыматты аталган фракциянын мүчөсү, эл өкүлү Тынчтыкбек Шайназаров "Азаттык" радиосуна ырастады. Анын айтымында, аты аталган депутаттар фракциянын саясатын колдобой жатат деген жүйө менен чыгарылды:

- Булар фракциянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушунун негизинде кабыл алынган чечимдерине каршы саясат жүргүзгөнү үчүн катардан чыкты. Ар кандай интригаларды уюштуруп, туура эмес маалыматтарды тараткан. Ошондой ыплас нерселер себеп болуп чыгарып салдык. Биздин фракцияда ынтымак болушу керек, көпчүлүгү фракциянын саясатын колдоого тийиш.

Шайназаров кошумчалагандай, фракциянын жыйынына катардан чыгарылган депутаттардан башка эл өкүлдөрүнүн баары катышкан. Ал эми фракция катчылыгынан билдиришкендей, бул чечимди сегиз депутат колдоп, бирөө бейтарап добуш берген.

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясында он үч мандат бар. Аны партия лидери Бакыт Төрөбаев жетектейт. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG