Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Порошенко Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди


Крым татарларынын лидерлери Ильми Умеров жана Ахтем Чийгөз абактан бошотулуп, Түркияга кетишти. Орусия соту тарабынан эркинен ажыратылып, аннексияланган Крымда кармалып келген Умеров менен Чийгөз 25-октябрда коё берилгенин Украинанын маалымат министринин орун басары Эмине Жапар "Азаттык" радиосуна билдирди.

Крым татарларынын көп жылдардан берки ардагер лидери, украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилев алардын Түркияга учуп кеткенин ошол эле күнү бышыктады. Кийинчерээк Умеров менен Чийгөз Анкарага жеткенин украин президенти Петро Порошенконун басма сөз катчысы Фейсбук баракчасына жазды.

"Барымтадагы дагы эки киши – эки саясий туткун боштондукка чыкты", - деп жазды Фейсбукка Чийгөздүн адвокаты Николай Полозов. Анын айтымында, аларга каршы бардык айыптар алынды.

"Алардын коё берилиши Жемилев, түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган жана башка адамдар жүргүзгөн эбегейсиз укуктук, дипломатиялык жана саясий иштин жыйынтыгы" экенин белгиледи.

Фейсбуктагы постунда президент Порошенко эки активисттин азат кылынышында ойногон ролу үчүн Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди.

Чийгөз мыйзамсыз демонстрация уюштургандыгы үчүн 11-сентябрда сегиз жылга кесилген. Умеров 27-сентябрда сепаратизмге айыпталып, эки жылга колонияга өкүм кылынган.

Укук коргоочу уюмдар жана Батыш өкмөттөрү бул процесстерди айыптап, Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери жүргүзүп келаткан куугунтуктоо кампаниясынын бир бөлүгү деп аташкан.

Украинанын жарым аралын басып алгандан кийин орус бийликтери Крым татарларынын Межлисин экстремисттик уюм деп таап, ишине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG