Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Исаков: Казакстандын бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Кыргызстандын премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин билдирди:

- Биз премьер-министрлердин деңгээлинде өзүбүздүн өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп жатабыз. Ортодо айрым маселелер болгонуна жана алардын кээ бирлери чечилгенине баарыңыздар күбө болдуңуздар. Бул үчүн биз казак тарапка ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок маселе ушундай көйгөйлөр жаралышы керек беле, бул биздин өнөктөштүгүбүзгө дал келеби дегенде турат. Азыр маселе чечилбей жатат. Бирок биз казак тараптын аны чечерине ишеним арткыбыз келет. Анткени биздин ортодогу түзүлгөн келишимдерге ылайык, бардык жүк ташуучу жана жеңил машинелер, жүргүнчүлөр жана товарлар эч кандай тоскоолдуксуз чек арадан өтүшү керек.

Казакстан 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында транспорт каражаттарынын, жүргүнчүлөрдүн жана товарлардын өтүүсүнө көзөмөлдү күчөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG