Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Нарын шаарында милиция кызматкери кесиптешин атып алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Окуя 25-октябрда Нарын шаардык милиция бөлүмүндө болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милициянын ага сержанты жумуштан кийин Макаров үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, капыстан кесиптеши тарапка атып алган.

Натыйжада ок милициянын старшинасынын көкүрөк тушуна тийип, ал ошол жерден каза тапкан. Ушул тапта кызматтык териштирүү жүрүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG