Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын бүгүн расмий жарыялайт


15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулар.
15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулар.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бүгүн расмий жарыялайт. Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылат деп белгиленген. БШК кечээ кечки саат 6да жыйынга чогулуп, маселени кароого киришкен.

Бирок тыныгуу жарыяланып, шайлоо жыйынтыгын чыгаруу бүгүнкүгө калган. Боршайкомдун эрте тарап кеткен себеби айтылган жок.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгы боюнча КСДПдан талапкер, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашык добуш менен алдыга чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG