Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Депутат диний мекемелердин жарык төлөмүн азайтууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргызстандагы диний мекемелердин электр энергиясына төлөмүн азайтууну сунуштады. Парламенттин 26-октябрындагы жыйынында эл өкүлү төлөм эрежелеринде диний мекемелер өнөр жай жана коммерциялык уюмдар менен бир категорияда болгону туура эмес экенин айтты. Икрамов мечит-медреселердеги, чиркөөлөрдөгү жарык төлөмүн карапайым калктын категориясына өткөрүү керектигин өкмөткө сунуштады. Буга мечит-медреселердин акы төлөй албай, карызга баткан учурларын мисал келтирди.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мечит, 102 медресе бар.

Кыргызстанда электр тарифи акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2.16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2.24 тыйындан төлөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG