Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Сагинтаев: Казакстан Кыргызстан аркылуу аткезчиликтен зыян тартты


Кыргызстан менен Казакстан өкүлдөрүнүн Еревандагы жолугушуусу. 24-октябрь, 2017-жыл.
Кыргызстан менен Казакстан өкүлдөрүнүн Еревандагы жолугушуусу. 24-октябрь, 2017-жыл.

Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатат. Астана мындай кадамга аткезчиликтин айынан ири каржылык жоготууларга учурап жатканынан улам барып жатканын Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында билдирди.

Сагинтаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө Кытайдан кирген товарлардын импортунун көрсөткүчү азайганын, бирок Кыргызстанга кытай товарлары мурдагыдай эле кирип жатканына токтолгон.

Анын белгилешинче, Кытайдан ЕАЭБге товар импорттоонун анализи 2014-2016-жылдарда Кыргызстандан башка мамлекеттердин баарында импорт азайганын көрсөткөн. Өз кезегинде бажы төлөмдөрү боюнча 2014-16-жылдагы иликтөөлөрдө Кыргызстан менен Армениядан башка өлкөлөрдө түшкөн акча азайганы аныкталган.

Сагинтаев акча түшүүлөр Казакстанда 18,2, Орусияда 5,1, Беларуста 1,4 пайызга төмөндөгөнүн белгилеп, ошол эле маалда Арменияда киреше 2,2, Кыргызстанда 6,2 эсе көбөйдү деп айтты.

Жыйында Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков Казакстандын аткезчиликке байланыштуу чек арада көзөмөл күчөдү деген жүйөсүн жөн гана шылтоо деп, чек арада тизилген жүк ташуучу унаалардын узун кезеги бир канча чакырымга жетип калганын маалымдады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалдан жана кайчы көз караштарынан улам ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кечээги жалпы жыйыны кечигип башталганы жана чыңалган абалда өткөнү кабарланууда.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген. Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG