Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Депутаттар казак кесиптештери менен чек араны сүйлөшүү демилгесин көтөрдү


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Кыргызстандын депутаттарынан турган депутаттык топ Казакстан Мажилисинин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова 26-октябрда парламент жыйынында айтты:

- Биз чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечсек болот. Парламенттик достук тобубузда 26 депутат бар экен. Ошолордон атайын топ түзүлүп Казакстандын парламенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү. Чек ара маселесин чечүү үчүн бардык каналдарды камтышыбыз керек. Жаңы төрага түзүлө турган топту өзү жетектесе жакшы болмок жана тез арада Астанага барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишибиз зарыл.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген. Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айткан. Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөндөн кийин 18-октябрда эки өлкөнүн премьер-министрлери Астанада жолуккан. Анын натыйжасында жол карта түзүүнү макулдашып, казак бийлиги 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен болчу.

Бирок учурда кыргыз-казак чек арасында элдин жана автоунаалардын Казакстанга өтүүсү дале кыйынчылык жаратууда. Ушул күндөрү өткөрмө бекеттерде 600дөй жүк ташуучу автоунаа турат.

Казакстан болсо чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатканын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG