Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Өкмөт: жаңы паспорт алуучулар эки эсе көбөйдү


Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү паспорт алууну каалагандар эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн парламенттин отурумунда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Анын айтымында, август айына чейин эле 77 миңден ашык жаран эски паспортторун жаңыга алмаштырды.

- Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Паспортторду даярдоо кадимки режимге өттү. Башкача айтканда жарандык паспорт 12 иш күндө даярдалып жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын май айынан тарта биометрикалык каттоонун негизинде жаңы паспорттун үлгүсүн сунуштаган. Анда жарандын жеке маалыматтары атайын чипте сакталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG