Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Ошто жүк ташуучу унаа айдоочулары өкмөткө нааразылык билдиришти


Кыргызстан-Кытай жолундагы жүк ташуучу автоунаа.
Кыргызстан-Кытай жолундагы жүк ташуучу автоунаа.

Кыйтайга виза алуу маселесин чечип берүү талабы менен бүгүн Ошто жүк ташуучу айдоочулар басма сөз жыйын курушту. "Юг-Транс", "Транс-Ордо" жана "Айдоочу" коомдук бирикмелеринин кызматкерлери жана айдоочулары маселе чечилбесе, өкмөт башчы Сапар Исаков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган аткаминерлер кызматтан кетиши керектигин белгилешти.

Айдоочулардын айтымында, Кыргызстандан Кытайга виза алуу татаал болуп жаткандыктан, ишкерлер жүк ташуу үчүн Өзбекстан, Түркия, Казакстан жана Тажикстандан айдоочу жалдап жатышат.

Аталган маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Тышкы иштер министрлиги буга Кытай тараптын чет өлкөлүк жарандарга виза берүү тартибин катаалдантканы себеп болгонун белгилейт.

2016-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет мамлекеттик, анын ичинде кыргызстандык жарандарга да виза берүү тартибин катаалдаткан. Ага чейин Кыргызстандын жарандары Кытайга жеңилдетилген виза алышчу.

2016-жылдын 31-августунда Кытайдын Бишкекте жайгашкан элчилигине террордук чабуул жасалып, автоунаа менен кирип барган жанкечти өзүн жардырган. Дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес. Ошондон кийин коопсуздук чаралары өтө күчөтүлүп, Кытайга виза алуу маселеси татаалдаган. (YI\SE)

XS
SM
MD
LG