Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:19

ТИМ: Кыргызстан Казакстандан каражат алууга кызыкдар эмес


Тышкы иштер министрлигинин 26-октябдагы билдирүүсүндө Кыргызстан Казакстандан 100 млн доллар жардам алууга кызыкдар эместигин, бул каражаттын айланасында мындан ары сүйлөшүү жүргүзүү максатсыз экени айтылат.

Билдирүүдө Казакстандын каржы жардамы 2007-жылы кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү демилгесинен бери көтөрүлүп келе жатканы, 2014-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирердин астында Астана каржы жардамын дагы сунуштаганы жазылган. Анда акчалай көмөк ЕАЭБ алкагында Кыргызстанга жол карта түзүүгө жардам катары берилери тууралуу эки өлкө келишим кабыл алганы да белгиленген.

Бирок, сүйлөшүү 2016-жылдын декабрь айына чейин создуктурулуп келгенин маалымдаган ТИМдин билдирүүсүндө: “Казак тарап акыркы мезгилге чейин керектүү документтерге, Кыргызстан сунуштаган чыгашалар сметасына, бул келишимге тиешеси жок жагдайларга байланыштырып кол коюунун мөөнөтүн кечеңдетип келген”, - деп жазылат.

Кыргыз өкмөтү кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өлкө бюджетинен бөлүнгөн каражатка лабораторияларды бүткөргөнүн билдирген.

23-октябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон.

25-октябрда Казакстан тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында милдеттенмелерин так аткарышы үчүн техникалык колдоо көрсөтүүгө умтулуп келгенин, каржылык жардамдын алгачкы траншы ушул жылдын ноябрь айында ажыратылаары каралганы тууралуу маалымдаган.

Ошондой эле каражаттын кеч бөлүнүшүнө Кыргызстандын керектүү документтерди жана тиешелүү сметаны берүүнү создуктуруп жибергенин себеп катары көрсөткөн.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстанга өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат деп сындаган.

XS
SM
MD
LG