Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Киевдеги жардыруудан жараат алган депутат Орусиядан шектенүүдө


жардыруу болгон жер
жардыруу болгон жер

25-октябрдын кечинде Киевде болгон жардырууну Украина Коопсуздук кызматы теракт катары иликтөөдө. Бул тапта эки киши өлгөнү, анын бири депутаттын жансакчысы, экинчиси окуя болгон жерден өтүп бараткан калаа тургуну экени такталды.

Мындан тышкары беш киши жаракат алган. Алардын бири Жогорку Рададагы радикал партиянын өкүлү Игорь Масийчук 26-октябрда операциядан кийин эсине келип, өзү жаткан оорукана кайтарууга алынганын билдирди.

Депутат ошондой эле өзүнө кол салуу болгонун айтты. Ага Орусиядан буйрук берилип, Орусиянын Киевдеги тыңчылары аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн деп шектенип жатканын кошумчалады.

Радикал партиянын лидери Олег Ляшко "Мосийчукту өлтүрүү аракети анын профессионалдык ишмердигине жана саясий көз караштарына байланыштуу. Бул биздин душмандын жашыруун кызматынын иши экени түшүнүктүү" деп билдирүү таратты. Ал да Орусияны айтып жаткандай.

Киевдеги жардыруу 25-октябрдын кечинде болгон. Ал убакта депутат жергиликтүү телеканалдын имаратынан чыгып бараткан.

Мосийчук 2014-жылы Радикал партиядан депутат болуп шайланган. Ага чейин "Азов" батальонунун курамында Донбасстагы согуштук аракеттерге катышкан. 2015-жылы коррупцияга айыпталып, депутаттык кол тийбестиктен ажыратылып, камалган, бирок кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG